top of page

"Улуу Тарых" 

    «Улуу тарых» кыска метраждуу көркөм тасмасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында ишке ашырылды. Бул тасма кыргыз элинин даңктуу тарыхын, анын кайратман духун, улуу эрдиктери менен улуу жеңиштерин чагылдырат. Тарыхый окуялар жана маданий мурас аркылуу кыргыз элинин көп кылымдык тарыхы, эгемендүүлүк үчүн күрөшү, биримдикти жана салт-санааны сактоого болгон умтулуусу кеңири ачып берилет.

    Фильмдин жаралышына 700дөн ашуун актер жана массовка, ошондой эле заманбап кино өнөрүнүн көрүнүктүү чеберлери катышкан. Жогорку деңгээлде коюлган сценалар, тарыхый образдардын так иштелип чыгышы жана терең мазмуну менен бул тасма кыргыз элинин улуттук мурасын жана тарыхын даңазалоого зор салым кошот.

Режиссер: Каниет Дубаев
Продюсер: Адилет Дубаев

    Бул фильм Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты менен биргеликте жана Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин көмөгү менен ишке ашырылды.

bottom of page